# Бенилюкс мамлекеттери менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Уруксатсыз кирген же жашап жүргөн адамдарды реадмиссиялоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

- Толук аталышы: Бенилюкс мамлекеттери менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Уруксатсыз кирген же жашап жүргөн адамдарды реадмиссиялоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 18.05.2026
- Редакциянын күнү: 18.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-40405>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/40405>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-40405.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бенилюкс мамлекеттери менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Уруксатсыз кирген же жашап жүргөн адамдарды реадмиссиялоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды (18.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-40405

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2025-жылдын 18-июнунда Брюссель шаарында кол коюлган Бенилюкс мамлекеттери (Бельгия Королдугу, Люксембург Улуу Герцогдугу жана Нидерланд Королдугу) менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Уруксатсыз кирген же жашап жүргөн адамдарды реадмиссиялоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду (мындан ары – Мыйзам).

Мыйзам 2026-жылдын 22-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Бул Мыйзам 2025-жылдын 18-июнунда Брюссель шаарында кол коюлган Бенилюкс мамлекеттери (Бельгия Королдугу, Люксембург Улуу Герцогдугу жана Нидерланд Королдугу) менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Уруксатсыз кирген же жашап жүргөн адамдарды реадмиссиялоо жөнүндө макулдашууну күчүнө кирүүсү боюнча мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында кабыл алынган (мындан ары – Макулдашуу).

Макулдашуу эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган ченемдерине ылайык тиешелүү тараптын аймагында мыйзамсыз жүргөн адамдарды кабыл алууну жөнөкөйлөтүүнү, чыгарылууга тийиш болгон адамдарды транзиттөөнү жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө кыйла тыгыз өз ара аракеттенүүнү жөнгө салууну карайт.
