Бенилюкс мамлекеттери менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Уруксатсыз кирген же жашап жүргөн адамдарды реадмиссиялоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2025-жылдын 18-июнунда Брюссель шаарында кол коюлган Бенилюкс мамлекеттери (Бельгия Королдугу, Люксембург Улуу Герцогдугу жана Нидерланд Королдугу) менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Уруксатсыз кирген же жашап жүргөн адамдарды реадмиссиялоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду (мындан ары – Мыйзам).
Мыйзам 2026-жылдын 22-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Бул Мыйзам 2025-жылдын 18-июнунда Брюссель шаарында кол коюлган Бенилюкс мамлекеттери (Бельгия Королдугу, Люксембург Улуу Герцогдугу жана Нидерланд Королдугу) менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Уруксатсыз кирген же жашап жүргөн адамдарды реадмиссиялоо жөнүндө макулдашууну күчүнө кирүүсү боюнча мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында кабыл алынган (мындан ары – Макулдашуу).
Макулдашуу эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган ченемдерине ылайык тиешелүү тараптын аймагында мыйзамсыз жүргөн адамдарды кабыл алууну жөнөкөйлөтүүнү, чыгарылууга тийиш болгон адамдарды транзиттөөнү жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө кыйла тыгыз өз ара аракеттенүүнү жөнгө салууну карайт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.