# Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификацияланды

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификацияланды
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 18.05.2026
- Редакциянын күнү: 18.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-40404>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/40404>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-40404.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификацияланды (18.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-40404

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2025-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган 2017-жылдын 20-июнундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду (мындан ары – Мыйзам).

Мыйзам 2026-жылдын 22-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Сунушталган Мыйзам “2025-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган 2017-жылдын 20-июнундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду күчүнө кирүүсү боюнча мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында кабыл алынган (мындан ары – Протокол).

Ошентип, Протокол аскердик багыттагы продукцияны берүүгө контракттык документтерин даярдоо боюнча мөөнөттөрдү кыскартууга, ошондой эле запастык бөлүктөрдү, агрегаттарды, түйүндөрдү, приборлорду, комплекттөөчү буюмдарды, атайын, окуу жана көмөкчү мүлктөрдү жана аскердик багыттагы продукцияга техникалык документтерди берүүнү максималдуу жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет.
