# Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Словения Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлерин кыска мөөнөттүү визалардын талаптарынан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

- Толук аталышы: Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Словения Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлерин кыска мөөнөттүү визалардын талаптарынан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 09.04.2026
- Редакциянын күнү: 09.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-40260>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/40260>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-40260.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Словения Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлерин кыска мөөнөттүү визалардын талаптарынан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды (09.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-40260

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2025-жылдын16-октябрында Любляна шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Словения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлеринкыска мөөнөттүү визалардын талаптарынан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2026-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Аталган мыйзамдын максаты көрсөтүлгөн Макулдашууну ратификациялоо үчүн ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Макулдашуу менен ар бир тарап жарактуу дипломаттык паспорту бар жарандары экинчи тараптын аймагына ар бир жүз сексен (180) күндүн ичинде кайсы мезгилде болбосун токсон (90) күндөн ашпаган мезгилге визасыз кире алат, транзит аркылуу өтө алат, жүрө алат жана андан чыга алат.
