Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Словения Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлерин кыска мөөнөттүү визалардын талаптарынан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2025-жылдын16-октябрында Любляна шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Словения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлеринкыска мөөнөттүү визалардын талаптарынан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2026-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Аталган мыйзамдын максаты көрсөтүлгөн Макулдашууну ратификациялоо үчүн ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.
Макулдашуу менен ар бир тарап жарактуу дипломаттык паспорту бар жарандары экинчи тараптын аймагына ар бир жүз сексен (180) күндүн ичинде кайсы мезгилде болбосун токсон (90) күндөн ашпаган мезгилге визасыз кире алат, транзит аркылуу өтө алат, жүрө алат жана андан чыга алат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.