Кыргызстан менен Казакстан өкмөттөрүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2003-жылдагы протокол ратификацияланды
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2025-жылдын 22-августунда Бишкек шаарында кол коюлган 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2026-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты – 2025-жылдын 22-августунда Бишкек шаарында кол коюлган 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.
Мыйзам менен 2025-жылдын 22-августунда Бишкек шаарында кол коюлган 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификацияланат.
Бул Протокол төмөнкү өзгөртүүлөрдү карайт: “Камышановка – автожол” өткөрүү пунктунун аталышын “Төмөнкү-Чүй – автожол” деп өзгөртүү, анын статусун эки тараптуудан көп тараптуу (эл аралык) статусуна өзгөртүү жана иштөө режимин күндүзгү убакыттан сутка бою иштөөгө өткөрүү; ошондой эле “Кичи-Капка – автожол” өткөрүү пунктунун статусун эки тараптуудан көп тараптуу (эл аралык) статусуна өзгөртүү.
Бул өзгөртүүлөрдү кабыл алуу кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан жарандардын жана транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү зарылдыгы менен шартталган. Анын ичинде жүк жана жүргүнчүлөр агымын көбөйтүүгө, чет өлкөлүк туристтерди тартуу жана инфраструктураны жакшыртууга багытталган.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.