“Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2026-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамды кабыл алуунун максаты асыл тукум мал чарбачылыгын мындан ары өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана асыл тукум иши жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү болуп саналат.
Мыйзамда асыл тукум мал чарбачылыгы жаатында ишмердүүлүктөрдү мамлекеттик жөнгө салууну караган ченемдер, бул тармактагы субъекттердин экономикалык ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрү, анын ичинде асыл тукум ишин өнүктүрүүгө багытталган илимий-изилдөө иштери бекитилген. Ошондой эле асыл тукум продукциясын (материалын) таануу, пайдалануу жана бонитировкалоо (баалоо) маселелери жөнгө салынып, аны колдонуу тартиби жана шарттары аныкталган.
Мыйзам менен асыл тукум мал чарбачылыгы жаатындагы ишмердүүлүктү уюштуруунун негизги принциптери жана асыл тукум ишинин системасы аныкталган. Бул системага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана асыл тукум ишинин субъекттери кирет, ошону менен катар алардын ыйгарым укуктары белгиленген.
Мындан тышкары, Мыйзамда жаныбарларды жасалма уруктандыруу боюнча ишмердүүлүктү түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби, асыл тукум продукциясын (материалын) экспорттоо жана импорттоо, ошондой эле бул тармактагы ишкердик ишмердүүлүк жөнгө салынган. Өзүнчө илимий-изилдөө иштерине мамлекеттик заказды калыптандыруу жана ишке ашыруу жол-жоболору аныкталган.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндөЗакон · 07.04.2026 · № 44