# Кыргызстанда Россиянын биринчи Президенти Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин кампусун куруу шарттары жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

- Толук аталышы: Кыргызстанда Россиянын биринчи Президенти Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин кампусун куруу шарттары жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 08.04.2026
- Редакциянын күнү: 08.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-40256>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/40256>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-40256.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргызстанда Россиянын биринчи Президенти Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин кампусун куруу шарттары жөнүндө макулдашуу ратификацияланды (08.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-40256

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2025-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин кампусун куруунун шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2026-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Жогоруда белгиленген Макулдашуу кесиптик жогорку билим берүүнүн жана илимий иштин сапатын жогорулатууга, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, анын ичинде Кыргыз Республикасында долбоордук кубаттуулугу 15 000 билим алуучу студентке Кыргыз-Россия Славян университетинин кампусун курууга, объектти заманбап материалдык-техникалык жабдуулар менен камсыз кылууга; объекттерди долбоорлоо, куруу, көзөмөлдөө, каржылоо жана пайдаланууга берүү бөлүгүндө тараптардын аракеттерин координациялоо үчүн аталган университеттин заманбап билим берүү, илимий жана социалдык инфраструктурасын түзүүгө багытталган.
