Кыргызстанда Россиянын биринчи Президенти Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин кампусун куруу шарттары жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2025-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин кампусун куруунун шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2026-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Жогоруда белгиленген Макулдашуу кесиптик жогорку билим берүүнүн жана илимий иштин сапатын жогорулатууга, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, анын ичинде Кыргыз Республикасында долбоордук кубаттуулугу 15 000 билим алуучу студентке Кыргыз-Россия Славян университетинин кампусун курууга, объектти заманбап материалдык-техникалык жабдуулар менен камсыз кылууга; объекттерди долбоорлоо, куруу, көзөмөлдөө, каржылоо жана пайдаланууга берүү бөлүгүндө тараптардын аракеттерин координациялоо үчүн аталган университеттин заманбап билим берүү, илимий жана социалдык инфраструктурасын түзүүгө багытталган.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.