# Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Мисир Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

- Толук аталышы: Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Мисир Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 07.04.2026
- Редакциянын күнү: 07.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-40255>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/40255>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-40255.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Мисир Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды (07.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-40255

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2025-жылдын 4-ноябрында Каир шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Мисир Араб Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду (мындан ары – Мыйзам).

Мыйзам 2026-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Бул Мыйзам 2025-жылдын 4-ноябрында Каир шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Мисир Араб Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууну күчүнө кирүүсү боюнча мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында кабыл алынган (мындан ары – Макулдашуу).

Макулдашууда Кыргыз Республикасынын жана Мисир Араб Республикасынын жарандары – дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлери Макулдашуунун тараптарынын мамлекеттеринин аймагында кирүү, чыгуу жана транзит менен өтүү үчүн визалык талаптардан 180 күндүн ичинде 90 күндөн ашпаган мөөнөткө бошотула тургандыгы каралган.
