Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Мисир Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2025-жылдын 4-ноябрында Каир шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Мисир Араб Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду (мындан ары – Мыйзам).
Мыйзам 2026-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Бул Мыйзам 2025-жылдын 4-ноябрында Каир шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Мисир Араб Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууну күчүнө кирүүсү боюнча мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында кабыл алынган (мындан ары – Макулдашуу).
Макулдашууда Кыргыз Республикасынын жана Мисир Араб Республикасынын жарандары – дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлери Макулдашуунун тараптарынын мамлекеттеринин аймагында кирүү, чыгуу жана транзит менен өтүү үчүн визалык талаптардан 180 күндүн ичинде 90 күндөн ашпаган мөөнөткө бошотула тургандыгы каралган.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.