# ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификацияланды

- Толук аталышы: ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификацияланды
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2026
- Редакциянын күнү: 03.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-40247>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/40247>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-40247.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификацияланды (03.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-40247

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2025-жылдын 28-июлунда Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) кол койду.

Мыйзам 2026-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Сунушталган Мыйзам 2025-жылдын 28-июлунда Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду күчүнө кирүүсү боюнча мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында кабыл алынган (мындан ары – Протокол).

Ошентип, Протоколдо ЕАЭБ жөнүндө келишимге укуктук жөнгө салууну өркүндөтүүгө, аныкталган кемчиликтерди четтетүүгө жана айрым жоболорду актуалдаштырууга, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын (мындан ары – ЕЭК) ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө багытталган өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.

Негизги өзгөртүүлөр төмөнкүлөрдү карайт:

1) бажы жөнгө салуу чөйрөсүндө – ЕЭК маалыматын пайдалануунун максаттарын тактоо жана маалымат алмашуу боюнча кайталанган нормаларды алып салуу;

2) техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө – ЕЭК Кеңешине техникалык регламенттерди бирдей колдонулушун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктарды берүү;

3) стандартташтыруу чөйрөсүндө – «стандарттык үлгү» түшүнүгүнүн аныктамасын тактоо;

4) инвестиция чөйрөсүндө – компенсацияларды эсептөө механизмин өркүндөтүү, анын ичинде рыноктук чендерге өтүү жана LIBOR көрсөткүчүн SOFR менен алмаштыруу;

5) атаандаштык жана укук колдонуу чөйрөсүндө – ЕЭК чечимдерин аткаруу тартибин, айып пулдарды бөлүштүрүүнү тактоо жана айрым өзгөчөлүктөрдү белгилөө;

6) энергетика чөйрөсүндө – жалпы электр энергия рыногун укуктук жөнгө салууну өнүктүрүү, анын ичинде жаңы катышуучулардын (реестр жүргүзүүчүлөрдүн) статусун жана функцияларын аныктоо;

7) транспорт чөйрөсүндө – эл аралык автоунаа ташууларында электрондук уруксаттарды киргизүү;

8) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө – өз ара аракеттенүүнүн электрондук форматтарына өтүү, терминологияны тактоо, бир жеткирүүчүдөн сатып алуу учурларынын тизмесин кеңейтүү жана жол-жоболордун ачыктыгын жогорулатуу;

9) ЕЭК ыйгарым укуктарына байланыштуу бөлүгүндө – ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды аныктоо жана жоюу методологиясын бекитүү боюнча ыйгарым укуктарды бекемдөө;

10) техникалык өзгөртүүлөр – эскирген нормаларды алып салуу жана айрым жоболорду актуалдаштыруу, анын ичинде Казакстан Республикасынын борбору шаарынын аталышын өзгөртүү («Нур-Султан» шаары «Астана» деп алмаштырылат).

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
