ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификацияланды
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2025-жылдын 28-июлунда Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) кол койду.
Мыйзам 2026-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Сунушталган Мыйзам 2025-жылдын 28-июлунда Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду күчүнө кирүүсү боюнча мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында кабыл алынган (мындан ары – Протокол).
Ошентип, Протоколдо ЕАЭБ жөнүндө келишимге укуктук жөнгө салууну өркүндөтүүгө, аныкталган кемчиликтерди четтетүүгө жана айрым жоболорду актуалдаштырууга, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын (мындан ары – ЕЭК) ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө багытталган өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.
Негизги өзгөртүүлөр төмөнкүлөрдү карайт:
1) бажы жөнгө салуу чөйрөсүндө – ЕЭК маалыматын пайдалануунун максаттарын тактоо жана маалымат алмашуу боюнча кайталанган нормаларды алып салуу;
2) техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө – ЕЭК Кеңешине техникалык регламенттерди бирдей колдонулушун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктарды берүү;
3) стандартташтыруу чөйрөсүндө – «стандарттык үлгү» түшүнүгүнүн аныктамасын тактоо;
4) инвестиция чөйрөсүндө – компенсацияларды эсептөө механизмин өркүндөтүү, анын ичинде рыноктук чендерге өтүү жана LIBOR көрсөткүчүн SOFR менен алмаштыруу;
5) атаандаштык жана укук колдонуу чөйрөсүндө – ЕЭК чечимдерин аткаруу тартибин, айып пулдарды бөлүштүрүүнү тактоо жана айрым өзгөчөлүктөрдү белгилөө;
6) энергетика чөйрөсүндө – жалпы электр энергия рыногун укуктук жөнгө салууну өнүктүрүү, анын ичинде жаңы катышуучулардын (реестр жүргүзүүчүлөрдүн) статусун жана функцияларын аныктоо;
7) транспорт чөйрөсүндө – эл аралык автоунаа ташууларында электрондук уруксаттарды киргизүү;
8) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө – өз ара аракеттенүүнүн электрондук форматтарына өтүү, терминологияны тактоо, бир жеткирүүчүдөн сатып алуу учурларынын тизмесин кеңейтүү жана жол-жоболордун ачыктыгын жогорулатуу;
9) ЕЭК ыйгарым укуктарына байланыштуу бөлүгүндө – ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды аныктоо жана жоюу методологиясын бекитүү боюнча ыйгарым укуктарды бекемдөө;
10) техникалык өзгөртүүлөр – эскирген нормаларды алып салуу жана айрым жоболорду актуалдаштыруу, анын ичинде Казакстан Республикасынын борбору шаарынын аталышын өзгөртүү («Нур-Султан» шаары «Астана» деп алмаштырылат).
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- 2025-жылдын 28-июлунда Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду…Закон · 02.04.2026 · № 36 · Күчүнө кире элек