“Транспорт каражаттарынын айрым категорияларын жана аларга менчик укуктарын аралык (онлайн) режиминде мамлекеттик каттоону жүргүзүү боюнча убактылуу укуктук жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Транспорт каражаттарынын айрым категорияларын жана аларга менчик укуктарын аралык (онлайн) режиминде мамлекеттик каттоону жүргүзүү боюнча убактылуу укуктук жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Айдоочулук курамды эсепке алуу жана каттоо системасын тартипке келтирүү, транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү жана транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүктөрдү берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча чараларды апробациялоо максатында, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 311 -беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:
1. 2026-жылдын 1-апрелинен тартып 31-декабрына чейин кошуп алганда транспорт каражаттарынын айрым категорияларын жана аларга менчик укуктарын аралык (онлайн) форматында мамлекеттик каттоону убактылуу укуктук жөнгө салуу (мындан ары – убактылуу укуктук жөнгө салуу) киргизилсин.
2. Транспорт каражаттарынын айрым категорияларын жана аларга менчик укуктарын онлайн режимде мамлекеттик каттоонун убактылуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин, анын колдонуу мөөнөтү убактылуу укуктук жөнгө салууну ишке ашыруу мезгилине белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси, «Түндүк» ачык акционердик коому жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте:
1) убактылуу укуктук жөнгө салуу жөнүндө калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
2) убактылуу укуктук жөнгө салуунун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзсүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине квартал сайын отчетторду берип турсун;
3) онлайн-каттоо системасынын иштеши үчүн уюштуруутехникалык чараларын көрсүн;
4) зарылдыгына жараша мыйзамдарда белгиленген тартипте жана финансылык контролдоо талаптарын сактоо менен убактылуу укуктук жөнгө салууну ишке ашыруу үчүн төлөм жүргүзүү уюмдарын тартсын;
5) убактылуу укуктук жөнгө салуу ийгиликтүү ишке ашырылган учурда транспорт каражаттарын жана аларга менчик укуктарын туруктуу онлайн-каттоону киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоорун киргизсин.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 134 "Транспорт каражаттарынын айрым категорияларын жана аларга менчик укуктарын аралык (онлайн) режиминде…Указ · 01.04.2026 · № 134