Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Беларусь Өкмөтүнүн ортосундагы реадмиссиялоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Жапаров “2025-жылдын 29-сентябрында Минск шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы реадмиссиялоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2026-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты 2025-жылдын 29-сентябрында Минск шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы реадмиссиялоо жөнүндө макулдашуу (мындан ары – Макулдашуу) күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы тарабынан аткаруу болуп саналат.
Макулдашуу эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган ченемдерине ылайык тиешелүү Тараптын аймагында мыйзамсыз жүргөн адамдарды кабыл алууну, чыгарылууга тийиш болгон адамдарды транзиттөөнү жеңилдетүүнү жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө бир кыйла тыгыз өз аракеттенүүнү жөнгө салууну карайт.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын жана Беларусь Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарына зарыл болгон биргелешкен иш-чараларды кыйла тыгыз байланышта өткөрүүгө жана өз ара мамиленин негизинде экинчи Тараптын аймагына уруксатсыз кирген жана/же жашап турган адамдарды реадмиссиялоо жана чыгарылууга тийиш болгон адамдардын транзиттөө маселелеринде бири-бирине көмөк көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берилет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.