# Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы Өткөрүп берүү жөнүндө келишим ратификацияланды

- Толук аталышы: Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы Өткөрүп берүү жөнүндө келишим ратификацияланды
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 16.03.2026
- Редакциянын күнү: 16.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-40165>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/40165>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-40165.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы Өткөрүп берүү жөнүндө келишим ратификацияланды (16.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-40165

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2025-жылдын 21-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосундагы Өткөрүп берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2026-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты 2025-жылдын 21-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосундагы Өткөрүп берүү жөнүндө келишим (мындан ары – Келишим) күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы тарабынан аткаруу болуп саналат.

Келишимде өткөрүп берүү өтүнүчтөрүн тапшыруу жана кароо тартиби, баш тартуу негиздери, убактылуу камакка алуу, транзит маселелери жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн процесси кайсы стадияда жүрүп жатканына жараша өтүнүчтөрдү аткаруунун өзгөчөлүктөрү каралган.

Келишим өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө, эл аралык кылмыш-жаза-укуктук чөйрөдөгү кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле кылмышкерлерди экстрадициялоо жаатындагы кызматташууну чыңдоого багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
