# “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик күзөт системасын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду

- Толук аталышы: “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик күзөт системасын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду
- Актынын түрү: Указ
- Кабыл алынган күнү: 10.02.2026
- Редакциянын күнү: 10.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-40060>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/22/40060>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-40060.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик күзөт системасын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду (10.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-40060

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, кайтарылуучу адамдардын жана объекттердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ишти өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын базасында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик күзөт кызматы (мындан ары – Мамлекеттик күзөт кызматы) түзүлсүн.

2. Мамлекеттик күзөт кызматы – Кыргыз Республикасынын Президентине түздөн-түз баш ийген жана отчет берген атайын мамлекеттик орган, ал Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасына кирет жана кайтарылуучу адамдардын жана

объекттердин коопсуздугун Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген компетенциянын чектеринде камсыз кылуу боюнча күзөт иш-чараларын жүргүзөт.

3. Төмөнкүлөр белгиленсин:

– Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасын Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;

– Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасынын орун басарларын Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.

4. Мамлекеттик күзөт кызматынын ишинин укуктук негиздерин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Мамлекеттик күзөт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, ушул Жарлык жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары түзөт.

5. Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө жобону, Мамлекеттик күзөт кызматынын штаттык санын жана түзүмүн Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет.

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

– өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;

– ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
