# “Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ММКФнын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

- Толук аталышы: “Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ММКФнын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2026
- Редакциянын күнү: 27.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-40014>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/40014>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-40014.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: “Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ММКФнын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду (27.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-40014

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2026-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча негизги параметрлерин жана 2027–2028-жылдарга болжолдуу көрсөткүчтөрүн бекитүү болуп саналат.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2026-жылга бюджети кирешелер боюнча 10 737 596,0 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 10 737 596,0 миң сом суммасында, 2027-жылга болжолу 11 310 222,3 миң сом жана 2028-жылга болжолу 12 054 547,2 миң сом суммасында түзүлдү.

Фонддун 2026-жылга бюджетин түзүүчү негизги булактар болуп республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен берилүүчү милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү эсептелет.

2026-жылга республикалык бюджеттен берилүүчү ассигнациялоолордун келип түшүүсү 2 057 870,4 миң сом көлөмүндө бекитилген.

2026-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен берилүүчү милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн каражаттарынын келип түшүүсү 6 503 418,2 миң сом өлчөмүндө бекитилген.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин 2026-жылга карата жүгүртүлүүчү кассалык накталай акчасынын көлөмү 541 951,5 миң сом суммасында белгиленген.

Мыйзам 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
