“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюрократиядан арылтууга багытталган реформаларды андан ары ишке ашыруу жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясаттын алкагында башталган реформаларды улантуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алуу менен токтом кылынат:
1. Мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюрократиядан арылтууга, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга жана административдик процесстерди оптималдаштырууга багытталган чараларды андан ары иштеп чыгууну жана ишке ашырууну камсыз кылсын.
2. Кыргыз Республикасынын юстиция министри Баетов Аяз Батыркуловичке Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюрократиядан арылтууга багытталган милдеттерди ишке ашыруу боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын өз ара аракеттенүүсүн координациялоо жана камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктар жүктөлсүн, ага 2026-жылдын 1-июлуна чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары статусу берилсин.
3. Баетов Аяз Батыркулович айкалыштырып иштөө боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директорунун кызмат ордунан бошотулсун.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1). Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 83 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгы;
2). Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 269 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 83 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Жарлыгы.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-марты ПЖ № 83 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу…Указ · 10.03.2025 · № 83 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы ПЖ № 269 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын…Указ · 19.09.2025 · № 269 · Күчүн жоготкон