# Подписан Указ «Об учреждении Посольства Кыргызской Республики в Арабской Республике Египет»

- Толук аталышы: Подписан Указ «Об учреждении Посольства Кыргызской Республики в Арабской Республике Египет»
- Актынын түрү: Указ
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2025
- Редакциянын күнү: 16.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39927>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/22/39927>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39927.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Подписан Указ «Об учреждении Посольства Кыргызской Республики в Арабской Республике Египет» (16.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39927

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Мисир Араб Республикасындагы Элчилигин уюштуруу жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Мисир Араб Республикасы менен саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында, “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 10-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат:

1. Каир шаарында жайгаштыруу менен Кыргыз Республикасынын Мисир Араб Республикасындагы Элчилиги уюштурулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин штаттык санынын чегин 5 бирдикке көбөйтсүн;

2) Кыргыз Республикасынын Мисир Араб Республикасындагы Элчилигинин ишин уюштуруу жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин чечсин;

3) өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Жарлык Кыргыз Республикасынын Мисир Араб Республикасы менен саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, илимий-техникалык, билим берүү жана маданий-гуманитардык байланыштарын активдештирүү жана тереңдетүү, ошондой эле Мисирдин аймагында жана Түндүк Африканын чектеш өлкөлөрүндө жүргөн 3 миңге жакын Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Мисир Араб Республикасындагы Элчилигинин ачылышы өлкөнүн тышкы саясатын Африка континентинде ишке ашырууга, тышкы саясий байланыштарды диверсификациялоого жана дипломатиялык катышуу географиясын кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
