# Бактияр Орозов илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматынан бошотулду

- Толук аталышы: Бактияр Орозов илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматынан бошотулду
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 15.12.2025
- Редакциянын күнү: 15.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39925>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/39925>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39925.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бактияр Орозов илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматынан бошотулду (15.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39925

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна, 32-беренесинин 2-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 175 “Саясий мамлекеттик кызмат орундары, атайын мамлекеттик кызмат орундары жана саясий муниципалдык кызмат орундары жөнүндө” Жарлыгына ылайык токтом кылынып, Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Орозов Бактияр Сайпидинович мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этикасынын ченемдеринин талаптарын сактабагандыгына байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
