# Административдик-процесстик, Жарандык процесстик жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстерине өзгөртүүлөр киргизилди

- Толук аталышы: Административдик-процесстик, Жарандык процесстик жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстерине өзгөртүүлөр киргизилди
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 17.11.2025
- Редакциянын күнү: 17.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39816>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/39816>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39816.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик, Жарандык процесстик жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстерине өзгөртүүлөр киргизилди (17.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39816

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2025-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам заманбап санариптик технологияларды пайдалануу менен сот системасын өркүндөтүү жана жарандардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Ошондой эле, аталган Мыйзам төмөнкү милдеттерди чечүүгө багытталган:

– сот өндүрүшүнүн жаңы формасын – санариптик формасын, ишти кароо жана чечимдерди кабыл алуу процессин тездетүү үчүн зарыл болгон укуктук шарттарды түзүү, доо коюуда да, жарандык жана административдик процесстин катышуучуларынын кийинки документтештирилген аракеттери жана демилгелеринде да, бардык жагынан кагаз документтердин салттуу милдеттүү мүнөзүнө альтернатива киргизет. Мындан тышкары, турмуш шарттарына байланыштуу ар кандай сыпатта – доогер, жоопкер, күбө, үчүнчү тарап, адис, эксперт ж.б.у.с. соттук териштирүүлөргө кириптер болгон жарандардын сот имаратттарына көптөгөн баруулары азайып, келечекте кыскарат;

– санариптик технологияларды колдонууну камтыган процессуалдык эрежелерди жана аракеттерди ашыкча мыйзамдык жөнгө салынышынын деңгээлин төмөндөтүү, анын эсебинен жарандар үчүн ыңгайлуулуктарды түзүүчү тез өнүгүп жаткан санариптик кызматтар сот өндүрүшүндө алардын техникалык жана технологиялык жактан сот системасы тарабынан өздөштүрүлүшүнө жараша дароо ишке киргизилет.

Ушул Мыйзам 2026-жылдын 1 январынан тартып күчүнө кирет.
