# Медиация чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

- Толук аталышы: Медиация чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 17.11.2025
- Редакциянын күнү: 17.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39814>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/39814>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39814.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медиация чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди (17.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39814

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын медиация чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Аталган Мыйзам талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен жөнгө салууда калктын ишенимин бекемдөө, социалдык туруктуулукту камсыз кылуу, медиацияны укуктук системада колдонуу практикасын өркүндөтүүдө аны жарандык жана жазык иштеринин айрым категорияларында талаш-тартыштарды сотко чейинки жана соттон тышкаркы чечүү механизми катары киргизүү аркылуу, мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасына мамлекет кепилдеген медиация кызматын көрсөтүүнү киргизүү максатында кабыл алынган.

Алсак, кабыл алынган Мыйзам менен төмөнкүлөр каралган:

1) Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү, аларга ылайык тараптар медиациялык маалыматтык жолугушууга келүүгө милдеттүү;

2) Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү, ага ылайык эгерде сотко арыз же даттануу берген адам талаш-тартышты медиацияны колдонуу жолу менен чечүү үчүн төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алымдын суммасынын жарымын төлөө мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө өтүнүчтү тиркесе, анда мамлекеттик алымдын суммасынын жарымы төлөнөт;

3) Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине өзгөртүү киргизүү, ага ылайык түзөтүү мекемесинин администрациясы же дисциплинардык аскер бөлүгүнүн командачылыгы соттолгон жазасын өтөөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө арызы менен кайрылгандан кийин он жумуш күндүн ичинде соттолгондун инсандыгы жөнүндө маалыматтарды камтыган материалдарды, анын ичинде медиациялык макулдашууну түзүү тууралуу материалдарды тиркөө менен кайрылууну сотко жиберүүгө милдеттүү;

4) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү, аларга ылайык:

– жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тартканда жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен, анын ичинде медиатордун жардамы менен макулдашууга жетишкен учурда кылмыш иши козголушу мүмкүн эмес, ал эми козголгон иш кыскартылууга жатат;

– медиациялык маалыматтык жолугушууда же медиация өткөрүүнүн жүрүшүндө алынган маалыматтар жол берилгис далилдерге киргизилет;

5) “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү, аларга ылайык мамлекет кепилдеген юридикалык жардам, медиациялык жардам консультациялык-укуктук жана квалификациялуу юридикалык жардам түрүндө көрсөтүлөт;

6) “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү, ага ылайык нотариалдык жактан ырасталган медиациялык макулдашуулар аткаруу документтер катары саналат;

7) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү, аларга ылайык эмгек талаш-тартыштарды медиация аркылуу жөнгө салуу сотко чейин милдеттүү тартип катары киргизилүүдө.

Аталган Мыйзам 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
