# “Медиация жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

- Толук аталышы: “Медиация жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 17.11.2025
- Редакциянын күнү: 17.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39813>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/39813>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39813.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: “Медиация жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду (17.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39813

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Медиация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Аталган Мыйзам жарандык жана жазык иштеринин айрым категориялары боюнча талаш-тартыштарды сотко чейинки жана соттон тышкары жөнгө салуунун милдеттүү механизми катары медиация институтун укуктук системага киргизүү жана ошондой эле чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүү маданиятын өнүктүрүү, коомдук ишенимди бекемдөө, социалдык туруктуулукту камсыз кылуу жана коомдук мамилелерди шайкеш келтирүү максатында кабыл алынган.

Алсак, кабыл алынган Мыйзам менен төмөнкүлөр каралган:

1) медиация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктоо, ага төмөнкүдөй функциялар жүктөлөт:

– медиация чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу;

– медиация маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу;

– медиация чөйрөсүндөгү мыйзамдардын укук колдонуу практикасына талдоо, мониторинг жүргүзүү жана жалпылоо;

– медиация системасынын иштешин жана өнүгүшүн камсыз кылуу;

– медиация жөнүндө калкка маалымдоону камсыз кылуу;

– медиаторлордун бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү;

2) жарандык жана жазык иштеринин айрым категориялары боюнча сотко кайрылганга чейин медиатор менен милдеттүү Калыс маалыматтык жолугушууну киргизүү. Жолугушуу тараптарга медиациянын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берүү жана бул методдун колдонулушун баалоо үчүн өткөрүлүүдө;

3) Кыргыз Республикасынын медиаторлор палатасын – медиаторлордун бирдиктүү, өз алдынча башкарылуучу жана өзүн-өзү каржылоочу кесиптик коомчулугун милдеттүү түрдө мүчө болуу менен түзүү;

4) медиаторлордун кесиптик даярдыгын камсыз кылуу:

– медиаторлор палатасынын алдындагы Окуу борборунда 80 сааттан кем эмес базалык окуу;

– квалификациясын жыл сайын 16 сааттан кем эмес жогорулатуу;

5) санариптик технологияларды жана сервистерди пайдалануу менен толугу менен же жарым-жартылай жүргүзүлүүчү онлайн-медиацияны киргизүү;

6) медиация борборлорун – эки же андан көп медиаторлор тарабынан түзүлүүчү юридикалык жактарды түзүү.

Аталган Мыйзам 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган 27-беренесинин 6-бөлүгүн кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
