# ТМУнун Жарандык коргонуу механизмин түзүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

- Толук аталышы: ТМУнун Жарандык коргонуу механизмин түзүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2025
- Редакциянын күнү: 31.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39740>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/39740>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39740.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ТМУнун Жарандык коргонуу механизмин түзүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды (31.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39740

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк мамлекеттер уюмунун Жарандык коргонуу механизмин түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Бул Мыйзам 2024-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк мамлекеттер уюмунун (мындан ары – ТМУ) Жарандык коргонуу механизмин түзүү жөнүндө макулдашууну күчүнө кирүүсү боюнча мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында кабыл алынган (мындан ары – Макулдашуу).

Макулдашуу ТМУ Жарандык коргонуу механизминин максаттарын, колдонуу жаатын жана түзүмүн, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу жаатында өз ара аракеттенүүнү уюштурууну, мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жана чара көрүүнү камсыз кылууну, ошондой эле табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда өз ара жардам көрсөтүүнү карайт.
