“Керектөөчү кредит жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Керектөөчү кредит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары – Мыйзам) кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзам зайымчылардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, кредит берүүнүн шарттарынын ачык-айкындуулугун жана салыштырмалуулугун камсыз кылууга, ашыкча карыз жүгүн алдын алууга, ак ниетсиз практикалардын алдын алууга, ошондой эле жоопкерчиликтүү кредит берүүгө дем берүүге багытталган.
Мыйзамда түз каралган учурларды кошпогондо, ушул Мыйзам турак жай кыймылсыз мүлкүн сатып алууга, курууга же бүтүрүүгөберилген кыймылсыз мүлк менен камсыз кылынган кредиттерге карата колдонулбайт.
Мыйзамда керектөөчү кредитти берүү тартиби, керектөөчү кредит келишиминин шарттары, зайымчынын карыздык жүгүнүн көрсөткүчүн эсептөө жана колдонуу, керектөөчү кредит келишимин өзгөртүү жана бузуу, зайымчынын жана кредитордун укуктары жана милдеттери, талаш-тартыштарды чечүү жана зайымчынын укуктарын коргоо тартиби белгиленген.
Белгилей кетсек, Мыйзамга ылайык кошуп эсептөөлөрдүн (анын ичинде пайыздар (үстөк баа), комиссиялар, үстөк айыптар, айып пулдар, туумдар), анын ичинде керектөөчү кредит реструктуризацияланган учурдагы жалпы суммасы берилген керектөөчү кредиттин суммасынын 60 пайызынан ашпоого тийиш.
Ошондой эле, эгерде зайымчынын эсептелген карыз жүгүнүн көрсөткүчү, анын ичинде кредитти кайра каржылоо учурунда 60 пайыздан ашса, кредитор келишим түзүүгө чейин зайымчыны милдеттенмелерди аткарбоо тобокелдиктери жана ага карата жоопкерчилик чараларын колдонуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө кол койдуруп билдирүүгө милдеттүү экендиги белгиленген.
Мындан тышкары, керектөөчү кредит боюнча номиналдык пайыздык ставка келишимдин шарттарына жараша эсептелгенде күнүнө 0,08 пайыздан ашпоого тийиш экендиги каралган.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Керектөөчү кредит жөнүндөЗакон · 28.10.2025 · № 237