# Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун ортосундагы Кыргызстанда ФАОнун өкүлчүлүгүн уюштуруу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

- Толук аталышы: Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун ортосундагы Кыргызстанда ФАОнун өкүлчүлүгүн уюштуруу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2025
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39729>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/39729>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39729.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун ортосундагы Кыргызстанда ФАОнун өкүлчүлүгүн уюштуруу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39729

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2025-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган “2025-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун ортосундагы Кыргыз Республикасында ФАОнун өкүлчүлүгүн уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамдын максаты 2025-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун ортосундагы Кыргыз Республикасында ФАОнун өкүлчүлүгүн уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жолу менен мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Аталган Макулдашуу ФАОнун статусун расмий тариздөө административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүүгө мүмкүндүк берет, долбоорлорду каттоо, ишке ашыруу жана отчеттуулук процессин тездетет, жабдууларды, материалдарды жана ресурстарды бажы жагынан жол-жоболоштурууда бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтат, бул мамлекеттик органдарга да, Кыргыз Республикасынын калкынын аялуу катмарына да өз убагында техникалык жардам көрсөтүүнү камсыз кылат.
