Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун ортосундагы Кыргызстанда ФАОнун өкүлчүлүгүн уюштуруу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2025-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган “2025-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун ортосундагы Кыргыз Республикасында ФАОнун өкүлчүлүгүн уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзамдын максаты 2025-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун ортосундагы Кыргыз Республикасында ФАОнун өкүлчүлүгүн уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жолу менен мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.
Аталган Макулдашуу ФАОнун статусун расмий тариздөө административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүүгө мүмкүндүк берет, долбоорлорду каттоо, ишке ашыруу жана отчеттуулук процессин тездетет, жабдууларды, материалдарды жана ресурстарды бажы жагынан жол-жоболоштурууда бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтат, бул мамлекеттик органдарга да, Кыргыз Республикасынын калкынын аялуу катмарына да өз убагында техникалык жардам көрсөтүүнү камсыз кылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.