# Евразия экономикалык бирлигинин жана үчүнчү тараптын (үчүнчү тараптардын) бажы транзитинин бирдиктүү системасы жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

- Толук аталышы: Евразия экономикалык бирлигинин жана үчүнчү тараптын (үчүнчү тараптардын) бажы транзитинин бирдиктүү системасы жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2025
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39728>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/39728>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39728.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Евразия экономикалык бирлигинин жана үчүнчү тараптын (үчүнчү тараптардын) бажы транзитинин бирдиктүү системасы жөнүндө макулдашуу ратификацияланды (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39728

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2025-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган “2024-жылдын 26-декабрында

Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин жана үчүнчү тараптын (үчүнчү тараптардын) бажы транзитинин бирдиктүү системасы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамдын максаты 2024-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин жана үчүнчү тараптын (үчүнчү тараптардын) бажы транзитинин бирдиктүү системасы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жолу менен мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Аталган Макулдашуу контролдоочу органдардын

иш-аракеттерин минималдаштыруу аркылуу, ошондой эле ташуучулардын кошумча чыгымдарын кыскартуу жолу менен ташуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө жана оптималдаштырууга мүмкүндүк берет, булар төмөнкүлөрдүн эсебинен жетишилет:

– электрондук документ түрүндө бирдиктүү транзиттик декларацияны колдонуу;

– бажы алымдарын, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттерди аткаруунун бирдиктүү камсыздоосун пайдалануу;

– мүчө мамлекеттердин жана үчүнчү тараптын (үчүнчү тараптардын) ыйгарым укуктуу экономикалык операторлоруна берилүүчү айрым атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонуу;

– Бирликтин бажы аймагы жана үчүнчү тараптын (үчүнчү тараптардын) бажы аймагы боюнча бажы транзитинин бажы

жол-жобосуна ылайык ташып өткөрүлүүчү (ташылуучу) товарлардын бардык жүрүү жолдорунда товарларды ташууну көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу;

– бажы органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерди жана бажы контролун жүргүзүүнүн натыйжаларын Бирликтин үчүнчү тарап (үчүнчү тараптар) менен Бирликтин жана үчүнчү тараптын (үчүнчү тараптардын) бажы транзитинин бирдиктүү системасы жөнүндө эл аралык келишиминин жоболорун эске алуу менен өз ара таануу жана аларды бажы органдарына жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн гана пайдалануу.
