# Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Словакиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визадан бошотуу тууралуу макулдашуу ратификацияланды

- Толук аталышы: Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Словакиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визадан бошотуу тууралуу макулдашуу ратификацияланды
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2025
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39727>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/39727>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39727.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Словакиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визадан бошотуу тууралуу макулдашуу ратификацияланды (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39727

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2025-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган “2025-жылдын 25-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Словакия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визадан бошотуу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамдын максаты 2025-жылдын 25-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Словакия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визадан бошотуу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жолу менен мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Аталган Макулдашууда Кыргыз Республикасынын жана Словакия Республикасынын жарандарынын дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери макулдашуунун тараптарынын аймагына кирүү, чыгуу, транзит менен өтүү үчүн визалык талаптардан кирген күндөн тартып 180 (жүз сексен) күндүн ичинде 90 (токсон) күндөн ашпаган мөөнөткө бошотулары каралган.
