Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Словакиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визадан бошотуу тууралуу макулдашуу ратификацияланды
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2025-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган “2025-жылдын 25-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Словакия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визадан бошотуу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзамдын максаты 2025-жылдын 25-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Словакия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визадан бошотуу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жолу менен мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.
Аталган Макулдашууда Кыргыз Республикасынын жана Словакия Республикасынын жарандарынын дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери макулдашуунун тараптарынын аймагына кирүү, чыгуу, транзит менен өтүү үчүн визалык талаптардан кирген күндөн тартып 180 (жүз сексен) күндүн ичинде 90 (токсон) күндөн ашпаган мөөнөткө бошотулары каралган.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.