# Кыргызстан менен Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин ортосундагы Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишимге байланыштуу кепилдиктерди колдонуу тууралуу макулдашууга карата жаңыланган Протокол ратификацияланды

- Толук аталышы: Кыргызстан менен Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин ортосундагы Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишимге байланыштуу кепилдиктерди колдонуу тууралуу макулдашууга карата жаңыланган Протокол ратификацияланды
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2025
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39726>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/39726>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39726.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргызстан менен Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин ортосундагы Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишимге байланыштуу кепилдиктерди колдонуу тууралуу макулдашууга карата жаңыланган Протокол ратификацияланды (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39726

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасы менен Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин ортосундагы Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишимге байланыштуу кепилдиктерди колдонуу тууралуу макулдашууга карата жаңыланган Протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 17-сентябрындаКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасы менен Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин ортосундагы Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишимге байланыштуу кепилдиктерди колдонуу тууралуу макулдашууга карата жаңыланган Протоколу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы тарабынан аткаруу, ошондой эле радиациялык коопсуздук жаатындагы укуктук базаны эл аралык талаптарга ылайык келтирүү жана Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик менен техникалык кызматташуу программасын толук өлчөмдө пайдалануу болуп саналат.

Мыйзам менен Кыргыз Республикасы менен Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин ортосундагы Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишимге байланыштуу кепилдиктерди колдонуу тууралуу макулдашууга карата жаңыланган Протоколду ратификациялоо (мындан ары – Жаңыланган протокол) каралган.

Жаңыланган протоколдун максаты массалык жок кылуучу куралды жана башка кооптуу материалдарды мыйзамсыз жеткирүүнүн жана жайылтуунун алдын алууга багытталган чараларды жакшыртуу жана кеңейтүү болуп саналат.

Жаңыланган протокол маалымат алмашууну жана химиялык заттар, радиоактивдүү материалдар жана курал жасоо үчүн колдонулушу мүмкүн болгон биологиялык агенттер сыяктуу сезгич материалдарды чакан санда жеткирүүлөрдү контролдоону жөнгө салат.

Жаңыланган протоколду ратификациялоо ар кандай чөйрөлөрдө, анын ичинен илимде, технологияда, экономикада жана эл аралык кызматташтыкта өлкөнү өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
