Кыргызстан менен Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин ортосундагы Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишимге байланыштуу кепилдиктерди колдонуу тууралуу макулдашууга карата жаңыланган Протокол ратификацияланды
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасы менен Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин ортосундагы Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишимге байланыштуу кепилдиктерди колдонуу тууралуу макулдашууга карата жаңыланган Протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 17-сентябрындаКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасы менен Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин ортосундагы Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишимге байланыштуу кепилдиктерди колдонуу тууралуу макулдашууга карата жаңыланган Протоколу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы тарабынан аткаруу, ошондой эле радиациялык коопсуздук жаатындагы укуктук базаны эл аралык талаптарга ылайык келтирүү жана Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик менен техникалык кызматташуу программасын толук өлчөмдө пайдалануу болуп саналат.
Мыйзам менен Кыргыз Республикасы менен Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин ортосундагы Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишимге байланыштуу кепилдиктерди колдонуу тууралуу макулдашууга карата жаңыланган Протоколду ратификациялоо (мындан ары – Жаңыланган протокол) каралган.
Жаңыланган протоколдун максаты массалык жок кылуучу куралды жана башка кооптуу материалдарды мыйзамсыз жеткирүүнүн жана жайылтуунун алдын алууга багытталган чараларды жакшыртуу жана кеңейтүү болуп саналат.
Жаңыланган протокол маалымат алмашууну жана химиялык заттар, радиоактивдүү материалдар жана курал жасоо үчүн колдонулушу мүмкүн болгон биологиялык агенттер сыяктуу сезгич материалдарды чакан санда жеткирүүлөрдү контролдоону жөнгө салат.
Жаңыланган протоколду ратификациялоо ар кандай чөйрөлөрдө, анын ичинен илимде, технологияда, экономикада жана эл аралык кызматташтыкта өлкөнү өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.