# Президенттин “Учурдагы бюджеттик жылга республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун жана Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин чыгашаларын бөлүү боюнча чечимдерди кабыл алуу жана аткаруу тартибин убактылуу укуктук жөнгө салуу жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөр киргизилди

- Толук аталышы: Президенттин “Учурдагы бюджеттик жылга республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун жана Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин чыгашаларын бөлүү боюнча чечимдерди кабыл алуу жана аткаруу тартибин убактылуу укуктук жөнгө салуу жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөр киргизилди
- Актынын түрү: Указ
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2025
- Редакциянын күнү: 23.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39714>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/22/39714>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39714.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Президенттин “Учурдагы бюджеттик жылга республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун жана Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин чыгашаларын бөлүү боюнча чечимдерди кабыл алуу жана аткаруу тартибин убактылуу укуктук жөнгө салуу жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөр киргизилди (23.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39714

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 13-октябрындагы № 282 “Учурдагы бюджеттик жылга республикалык бюджеттин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин чыгашаларын бөлүү боюнча чечимдерди кабыл алуу жана аткаруу тартибин убактылуу укуктук жөнгө салуу жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү” тууралуу Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, социалдык маанилүү жана мамлекеттик муктаждыктарга каражат бөлүү маселелерин чечүү, улуттук экономиканын субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 311 -беренесине ылайык токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 13-октябрындагы № 282 “Учурдагы бюджеттик жылга республикалык бюджеттин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин чыгашаларын бөлүү боюнча чечимдерди кабыл алуу жана аткаруу тартибин убактылуу укуктук жөнгө салуу жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:

– 1-пункт “бюджеттеринин чыгашаларын бөлүү” деген сөздөрдөн кийин “, бюджеттик кредиттерди реструктуризациялоо жана улуттук экономика субъекттерине кепилдик берүү” деген сөздөр менен толукталсын;

– 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 4, 5-пунктчалар менен толукталсын:

“4) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуусуз улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү жөнүндө;

5) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуусуз бюджеттик кредиттерди реструктуризациялоо жөнүндө.”;

– 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) 2025-жылдын 30-ноябрына чейинки мөөнөттө 2025-жылга республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү кабыл алсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жаңы курамы түзүлгөндөн кийин бир айдын ичинде анын бекитүүсүнө киргизсин;

2) жаңы чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитетине бул Жарлыктын 2-пунктуна ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышы жөнүндө маалымат берсин;

3) бул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн.”.
