# Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кытайдын ортосундагы Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишим ратификацияланды

- Толук аталышы: Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кытайдын ортосундагы Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишим ратификацияланды
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2025
- Редакциянын күнү: 23.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39713>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/39713>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39713.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кытайдын ортосундагы Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишим ратификацияланды (23.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39713

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2025-жылдын 17-июнунда Астана шаарында кол коюлган Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстандын, Өзбекстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам 2025-жылдын 17-июнунда Астана шаарында кол коюлган Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикистан Республикасынын, Түркмөнстандын, Өзбекстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимди күчүнө киргизүү боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарууга багытталган.
