# Эл аралык эмгек уюмунун Иш менен камсыз кылуу жеке агенттиктери жөнүндө № 181 конвенциясы ратификацияланды

- Толук аталышы: Эл аралык эмгек уюмунун Иш менен камсыз кылуу жеке агенттиктери жөнүндө № 181 конвенциясы ратификацияланды
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2025
- Редакциянын күнү: 20.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39705>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/39705>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39705.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эл аралык эмгек уюмунун Иш менен камсыз кылуу жеке агенттиктери жөнүндө № 181 конвенциясы ратификацияланды (20.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39705

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Эл аралык эмгек уюмунун 1997-жылдын 3-июнунда Женева шаарында кабыл алынган Иш менен камсыз кылуу жеке агенттиктери жөнүндө № 181 конвенциясын ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Жогоруда аталган Конвенция ишке орноштуруу жаатындагы эл аралык укуктун негиз салуучу документтеринин бири болуп саналат.

Конвенцияны ратификациялоо иш менен камсыз кылуу жеке агенттиги үчүн талаптагыдай ченемдик укуктук базаны түзүүгө өбөлгө болот, бул мындай агенттиктер көрсөткөн кызматтардын сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Конвенция иш менен камсыз кылуу жеке агенттигинин ишинин стандарттарын, анын ичинде жумушчулардын укуктарын сактоо, басмырлоодон коргоо, жумуш ордунда ден соолук жана коопсуздукту сактоо талаптарын белгилейт.
