# Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттерде уюштурулган тооруктарда баалуу кагаздарды жайгаштырууга жана жүгүртүүгө чек ара аралык уруксат берүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

- Толук аталышы: Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттерде уюштурулган тооруктарда баалуу кагаздарды жайгаштырууга жана жүгүртүүгө чек ара аралык уруксат берүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2025
- Редакциянын күнү: 17.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39701>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/39701>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39701.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттерде уюштурулган тооруктарда баалуу кагаздарды жайгаштырууга жана жүгүртүүгө чек ара аралык уруксат берүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды (17.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39701

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2025-жылдын 31-январында Алматы шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерде уюштурулган тооруктарда баалуу кагаздарды жайгаштырууга жана жүгүртүүгө чек ара аралык уруксат берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Бул Макулдашуу ЕАЭБдин алкагында эмитенттер жана инвесторлор үчүн бирдей шарттарды түзүүгө, баалуу кагаздарды жайгаштырууда жана жүгүртүүдө административдик тоскоолдуктарды азайтууга, ЕАЭБдин интеграцияланган каржы рыногун өнүктүрүүгө, ошондой эле инвесторлордун укуктарын коргоону камсыз кылууга жана жөнгө салуунун бирдиктүү стандарттарын сактоого багытталган.

Макулдашууну ишке ашыруу:

– эмитенттерге ЕАЭБ алкагында кеңири инвесторлор чөйрөсүнө жетүүгө мүмкүндүк берет;

– баалуу кагаздарды чек ара аралык жайгаштыруу жана жүгүртүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтөт;

– Бирликке мүчө мамлекеттердин фондулук рынокторунун ликвиддүүлүгүн жана капиталдаштырылышын жогорулатат;

– ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин финансы системаларынын интеграциясын бекемдейт.
