# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек медициналык тез жардам клиникалык ооруканасынын кошумча корпусун куруу жөнүндө гранттык макулдашуу ратификацияланды

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек медициналык тез жардам клиникалык ооруканасынын кошумча корпусун куруу жөнүндө гранттык макулдашуу ратификацияланды
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2025
- Редакциянын күнү: 17.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39699>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/39699>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39699.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек медициналык тез жардам клиникалык ооруканасынын кошумча корпусун куруу жөнүндө гранттык макулдашуу ратификацияланды (17.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39699

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2025-жылдын 10-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек медициналык тез жардам клиникалык ооруканасынын кошумча корпусун куруу жөнүндө гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Жогоруда белгиленген Гранттык макулдашуу Бишкек медициналык тез жардам клиникалык ооруканасынын кошумча корпусунун курулушун каржылоого багытталган. Бул имараттын курулушу оорукананын сыйымдуулугун жана бейтаптарды тейлөө мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле медициналык кызмат көрсөтүү сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Гранттык макулдашуунун жалпы суммасы 9 240 000 АКШ долларын түзөт, ал долбоордун бардык этаптарын каржылоого, анын ичинде курулушка, жабдууларды сатып алууга жана долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн керектүү ресурстар менен камсыз кылууга жумшалат.
