Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек медициналык тез жардам клиникалык ооруканасынын кошумча корпусун куруу жөнүндө гранттык макулдашуу ратификацияланды
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2025-жылдын 10-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек медициналык тез жардам клиникалык ооруканасынын кошумча корпусун куруу жөнүндө гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Жогоруда белгиленген Гранттык макулдашуу Бишкек медициналык тез жардам клиникалык ооруканасынын кошумча корпусунун курулушун каржылоого багытталган. Бул имараттын курулушу оорукананын сыйымдуулугун жана бейтаптарды тейлөө мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле медициналык кызмат көрсөтүү сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.
Гранттык макулдашуунун жалпы суммасы 9 240 000 АКШ долларын түзөт, ал долбоордун бардык этаптарын каржылоого, анын ичинде курулушка, жабдууларды сатып алууга жана долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн керектүү ресурстар менен камсыз кылууга жумшалат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.