# Укук бузуулар жөнүндө кодекске жана “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

- Толук аталышы: Укук бузуулар жөнүндө кодекске жана “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 16.10.2025
- Редакциянын күнү: 16.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39697>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/39697>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39697.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Укук бузуулар жөнүндө кодекске жана “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди (16.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39697

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Бул Мыйзамдын максаты Аялдарга карата зомбулукту жоюу жөнүндө декларация боюнча (Генералдык Ассамблеянын 1993-жылдын 20-декабрындагы 48/104 резолюциясы менен кабыл алынган) Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, Аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө конвенцияны (Генералдык Ассамблеянын 1979-жылдын 18-декабрындагы 34/180 резолюциясы менен кабыл алынган), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 513 Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетүү боюнча 2022–2024-жылдарга улуттук иш-аракеттер планынын 8-максатынын 25.2-пунктун ишке ашыруу болуп саналат.

Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат:

- камактын мөөнөтүн жети суткадан он төрт суткага чейин көбөйтүү;

- үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу укук бузууларды жасагандыгы үчүн сот тарабынан үч айга чейинки мөөнөткө дайындалуучу электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү киргизүү;

- “Үй-бүлөлүк зомбулук” аттуу 70-беренени “куугунтуктоо” түшүнүгү менен толуктоо;

- үй-бүлөлүк зомбулук менен байланышкан укук бузууну жасаган адамдын оңдоп-түзөөчү программадан же белгиленген электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү өтүүдөн баш тартуусу үчүн жети суткадан он төрт суткага чейин камакка алуу түрүндө жаза чарасын колдонууну бекитүү;

- ички иштер органдарына үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө ар бир билдирүү боюнча тобокелдиктерге баа берүү боюнча ыйгарым укуктарды бекитүү.
