Укук бузуулар жөнүндө кодекске жана “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Бул Мыйзамдын максаты Аялдарга карата зомбулукту жоюу жөнүндө декларация боюнча (Генералдык Ассамблеянын 1993-жылдын 20-декабрындагы 48/104 резолюциясы менен кабыл алынган) Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, Аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө конвенцияны (Генералдык Ассамблеянын 1979-жылдын 18-декабрындагы 34/180 резолюциясы менен кабыл алынган), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 513 Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетүү боюнча 2022–2024-жылдарга улуттук иш-аракеттер планынын 8-максатынын 25.2-пунктун ишке ашыруу болуп саналат.
Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат:
- камактын мөөнөтүн жети суткадан он төрт суткага чейин көбөйтүү;
- үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу укук бузууларды жасагандыгы үчүн сот тарабынан үч айга чейинки мөөнөткө дайындалуучу электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү киргизүү;
- “Үй-бүлөлүк зомбулук” аттуу 70-беренени “куугунтуктоо” түшүнүгү менен толуктоо;
- үй-бүлөлүк зомбулук менен байланышкан укук бузууну жасаган адамдын оңдоп-түзөөчү программадан же белгиленген электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү өтүүдөн баш тартуусу үчүн жети суткадан он төрт суткага чейин камакка алуу түрүндө жаза чарасын колдонууну бекитүү;
- ички иштер органдарына үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө ар бир билдирүү боюнча тобокелдиктерге баа берүү боюнча ыйгарым укуктарды бекитүү.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (3)
- Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндөЗакон · 27.04.2017 · № 63
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 513 "2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук стратегиясы…Постановление · 16.09.2022 · № 513
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Закон · 15.10.2025 · № 214