# Аба кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске жана Бюджеттик кодекске өзгөртүүлөр киргизилди

- Толук аталышы: Аба кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске жана Бюджеттик кодекске өзгөртүүлөр киргизилди
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 02.10.2025
- Редакциянын күнү: 02.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39643>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/39643>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39643.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аба кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске жана Бюджеттик кодекске өзгөртүүлөр киргизилди (02.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39643

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Аба кодексине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Ушул Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын Аба кодексине, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү болуп саналат:

– жарандык авиация тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктарды жана Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын башкаруу менен байланышкан функцияларды оптималдаштыруу;

– Кыргыз Республикасынын Аба кодексин колдонууну укуктук жөнгө салуу;

– жарандык авиация жаатындагы ыйгарым укуктуу органды аныктоо;

– жарандык авиация тармагын өнүктүрүү үчүн мамлекеттик агенттиктин атайын эсебине жөнөтүлө турган жарандык авиация уюмдары үчүн төлөмдөрдү төлөө.
