# Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 23.09.2025
- Редакциянын күнү: 23.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39609>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/39609>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39609.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди (23.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39609

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Бул Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык келтирүү болуп саналат.

Мыйзам менен төмөнкү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү каралган:

- Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине: өздөрүнүн ыйгарым укуктарын аткарууларына байланыштуу аларга белгилүү болуп калган жагдайлар жөнүндө Акыйкатчыны, анын орун басарларын, ал ыйгарым укук берген Акыйкатчынын аппаратынын кызматкерлерин күбө катары суракка алууга тыюу салуу жөнүндө, ошондой эле соттук териштирүү анын кызыкчылыгында жабык деп жарыяланган адамдын макулдугу менен аларды сот отурумунун залына киргизүү жөнүндө;

- Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине: Акыйкатчынын, анын орун басарларын, ал ыйгарым укук берген Акыйкатчынын аппаратынын кызматкерлерин түзөтүү мекемелерине кино-, фото- жана видеоаппаратураларын атайын уруксатсыз алып өтүү жана аларды пайдалануу жөнүндө;

- Кыргыз Республикасынын “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө” Мыйзамына: кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу орган Акыйкатчыга кыймылсыз мүлк бирдигине катталган укуктар жөнүндө маалыматты берүүгө милдеттери жөнүндө;

- Кыргыз Республикасынын “Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө” Мыйзамына: шектүүлөр жана айыпталуучулар камакта кармалган жайларга атайын уруксатсыз кирүүгө укугун Акыйкатчыга, анын орун басарларына, ал ыйгарым укук берген Акыйкатчынын аппаратынын кызматкерлерине бекитип берүү жөнүндө;

- Кыргыз Республикасынын “Коммерциялык сыр жөнүндө” Мыйзамына: коммерциялык сыр болуп эсептелген маалыматтар менен таанышуу укугун Акыйкатчыга, анын орун басарларына бекитип берүү жөнүндө.
