# ”Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” конституциялык Мыйзамга кол койду

- Толук аталышы: ”Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” конституциялык Мыйзамга кол койду
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 23.09.2025
- Редакциянын күнү: 23.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39608>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/39608>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39608.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ”Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” конституциялык Мыйзамга кол койду (23.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39608

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Бул конституциялык Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу, ошондой эле аны Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 109 жана 110-беренелеринин жоболоруна ылайык келтирүү болуп саналат.

Конституциялык Мыйзам менен төмөнкүлөр каралган:

- Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) (мындан ары – Акыйкатчы) ишинин укуктук негизи;

- Акыйкатчынын парламенттик контроль жүргүзүүсүнүн максаты;

- конституциялык Мыйзамды колдонуу чөйрөсү;

- Акыйкатчынын укуктук статусу;

- Акыйкатчыны жана анын орун басарларын шайлоо жана ыйгарым укуктарын токтотуу тартиби;

- Акыйкатчынын ыйгарым укуктары;

- Акыйкатчынын эл аралык уюмдар менен жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүсү;

- Акыйкатчынын чара көрүү актылары жөнүндө ченемдер;

- арыздарды жана даттанууларды кароонун тартиби жана мөөнөттөрү;

- Акыйкатчынын ар жылдык жана атайын баяндамалары жөнүндө жоболор;

- Акыйкатчынын, анын орун басарларынын жана аппаратынын ишинин кепилдиктери жөнүндө ченемдер;

- Акыйкатчынын ишин уюштуруу жөнүндө жоболор.
