# Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге катуу сөгүш берилди

- Толук аталышы: Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге катуу сөгүш берилди
- Актынын түрү: Распоряжение
- Кабыл алынган күнү: 16.09.2025
- Редакциянын күнү: 16.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39593>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/23/39593>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39593.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге катуу сөгүш берилди (16.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39593

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 175 “Саясий мамлекеттик кызмат орундары, атайын мамлекеттик кызмат орундары жана саясий муниципалдык кызмат орундары жөнүндө” Жарлыгынын 2-пунктунун 8-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 88-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык этика ченемдерин аткарбагандыгы түрүндөгү жүктөлгөн эмгек милдеттерин талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэри Токторбаев Жеңишбек Шермаматовичке катуу сөгүш берилди.
