# “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

- Толук аталышы: “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 14.08.2025
- Редакциянын күнү: 14.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39459>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/39459>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39459.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди (14.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39459

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасында эркин экономикалык зоналарды (мындан ары – ЭЭЗ) түзүүнү жана жоюуну укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү максатында даярдалган.

Сунушталган Мыйзам менен аларга ылайык ЭЭЗ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча түзүлө турган өзгөртүүлөр каралган.

Берилген түзөтүүлөрдүн негизги максаты ЭЭЗди түзүү жана жөнгө салуу процессин оптималдаштыруу болуп саналат, ал ЭЭЗди түзүү, мөөнөтүн узартуу, чек араларды өзгөртүү жана жоюу боюнча ыйгарым укуктарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине өткөрүп берүүдө чагылдырылат, бул чечим кабыл алуу процессин тездетүүгө жана башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
