# Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилди

- Толук аталышы: Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилди
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2025
- Редакциянын күнү: 11.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39454>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/39454>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39454.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилди (11.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39454

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Бул Мыйзамдын максаты коомдун адеп-ахлактык баалуулуктарын, ошондой эле жүрүм-турумдук жана моралдык баалуулуктарын, инсандын рухий-жүрүм турумдук саламаттыгын коргоо болуп саналат.

Алсак, ушул Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 109-беренесине порнографиялык мүнөздөгү чыгармаларды, басылмаларды, сүрөттөрдү, аудиоматериалдарды же башка предметтерди сатууну, максат кылбастан даярдоо, көрсөтүү, сактоо же жарнамалоо, же мындай предметтерди башка жолдор менен жайылтуу, анын ичинде Интернет тармагы аркылуу жайылтуу үчүн жоопкерчиликти белгилеген өзгөртүү киргизүү сунушталат.
