# Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

- Толук аталышы: Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2025
- Редакциянын күнү: 11.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39451>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/39451>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39451.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди (11.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39451

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин жана “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө”, “Жарнама жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө”, “Банктар жана банк иштери жөнүндө”, “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө”, “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын ченемдерине шайкеш келтирүү максатында кабыл алынган.
