# Жаза аткаруу кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

- Толук аталышы: Жаза аткаруу кодексине өзгөртүүлөр киргизилди
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2025
- Редакциянын күнү: 04.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39426>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/39426>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39426.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаза аткаруу кодексине өзгөртүүлөр киргизилди (04.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39426

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2025-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам түзөтүү мекемелеринин түрү катары жатак-абактар бөлүгүндөгү беренелерин алып салуусу жана күчүн жоготту деп таануусу каралган Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында кабыл алынган.

Мындан тышкары, аталган Мыйзамда соттолгондордун укуктарын коргоо максатында, биринчи инстанциянын мурда кабыл алынган чечимдерин кайра кароо жана түзөтүү критерийлерине жооп берген жана үлгү көрсөткөн адамдар үчүн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу мүмкүнчүлүгү каралган.

Ошондой эле, жаза аткаруу тутумун өркүндөтүү, түзөтүү мекеменин ичине тыюу салынган буюмдарды алып кирүүсүнө бөгөт коюу жана соттолгондордун качуусун алдын алуу, түзөтүү мекеменин сыртын кайтаруу жана ички режимин камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 82-берененин 2-бөлүгү, 83-берененин 1-бөлүгү жана 86-берененин 1-бөлүгү “администрациясы” деген сөздөн кийин “жана түзөтүү мекемени кайтарууну камсыздаган бөлүкчөлөр” деген сөздөр менен толукталган.
