# Калктын жана ишкердик субъекттердин салык түйшүгүн азайтуу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

- Толук аталышы: Калктын жана ишкердик субъекттердин салык түйшүгүн азайтуу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2025
- Редакциянын күнү: 04.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39425>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/39425>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39425.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Калктын жана ишкердик субъекттердин салык түйшүгүн азайтуу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди (04.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39425

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Калктын жана ишкердик субъекттердин салык түйшүгүн азайтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзам бизнес үчүн дем берүүчү чөйрөнү түзүп, өлкөнүн экономикалык туруктуулугун камсыз кылууга багытталган.

Мыйзамда төмөнкүдөй салыктык түйшүгүн азайтуу ченемдери каралган:

1) транспорт каражаттарына мүлк салыгын жоюу;

2) 2025-жылдын 1-январынан тартып 2030-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба жерлерине мүлк салыгынын 0 пайыз өлчөмүндөгү ставкасын белгилөө;

3) уюмду жоюуда жана жеке ишкердин ишин токтотууда пландан тышкаркы текшерүүлөрдү кошпогондо, 2022-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилине салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салуу, төмөнкүлөрдү кошпогондо:

– уюмду жоюуда жана жеке ишкердин ишин токтотууда пландан тышкаркы текшерүүнү;

– КНС төлөөчүнүн арызынын негизинде КНС ашкан суммасынын ордун толтуруу жана/же кайтаруу менен байланышкан салыктык текшерүүлөрдү;

– салык төлөөчүнүн такталган салык отчетун салык органы тарабынан кабыл алуу менен байланышкан салыктык текшерүүлөрдү;

– салык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган ченемдерге ылайык укук коргоо органдарынын токтомдорунун негизинде дайындалган пландан тышкаркы текшерүүнү же кайра текшерүүнү;

4) 2022-жылдын 1-январына чейинки салык мезгили үчүн келип чыккан салык карызын эсептен чыгаруу;

5) милдеттенмелерди аткаруунун жеңилдетилген режимин белгилөө, чегерилген салык санкциясын төлөөдөн толук же жарым-жартылай бошотуу, ошондой эле калдыктын толук суммасын төлөө мөөнөтүнө жараша туумдарды төлөө.
